Кийинчерээк агенттиктин жаңылыгы жеткиликтүү болбой калды. Президенттин администрациясында Алматы акими алмашканы жөнүндө расмий маалымат азырынча жок.
Ишембиде Казакстандын президенти Токаев мамлекетти "Хабар 24" телеканалына курган маегинде Сагинтаев кызматында абийирдүү экенин, бирок алматылыктардын маанайын да эске алуу зарылдыгын айткан.
Алматынын акими алмашары жөнүндө маалымат январь окуяларынан кийин күчөгөн. Нааразылык акциялары учурунда аким жашоочуларга кайрылуу жасаган эмес. Соцтармактарда аны кызматтан алууну талап кылган петиция жарыяланган.
"Сагинтаев жашоосундагы эң маанилүү сынактан өтпөй калды – шаардын оор күнүндө шаардыктарды физикалык да, моралдык жактан да колдогон жок", — деп айтылган петицияда.
Бакытжан Сагинтаев Алматынын акими болуп 2019-жылы мартта дайындалган. Ага чейин президенттин администрациясын, андан мурдараак казак өкмөтүн жетектеген.
Ерболат Досаев ар кыл мезгилдерде каржы, саламаттык сактоо, экономика министри болгон.
2019-жылы ал Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган.