Маалыматка караганда, ушул күндөрү аксакалдар мектептерде, кесиптик лицейлерде жана жогорку окуу жайларда жаштар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
"Мындай жолугушуулар дээрлик күн сайын жергиликтүү мектептердин биринде өтүп жатат. Аксакалдар окуучулар менен студенттерге "өлкөнүн өнүгүүсүнө жана жаркын келечегине ишене тургандыктарын, мындан эч ким күмөн санабашы керектигин" айтууда. Мындан тышкары алар "интернетте өлкө президентин каралап жаткандар бар экенин да" белгилеп жатышат", — деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген окуучулардын бири.
Анын айтымында, аксакалдар өспүрүмдөрдү интернетте өкмөткө каршы билдирүү жасаган курдаштары болсо, алар тууралуу класс жетекчилерге айтууга да чакырууда.
Буга чейин Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук министрлиги Ашхабаддагы жогорку окуу жайлардын студенттерине кайрылып, өлкөдө тыюу салынган сайттарга, анын ичинде "Азаттыктын" түркмөн кызматынын сайтына киргендер окуудан чыгарыла турганын эскертип жатканы кабарланган.
Январдын башында Байрамали шаарында бийлик өкүлдөрү жакындары чет өлкөлөрдө жүргөндөрдүн үйлөрүн кыдырып, туугандары өкмөткө каршы ишмердүүлүк жүргүзбөшү керектигин эскертип жатканы белгилүү болгон.