Ссылки доступа

Баткенде чек ара жаңжалынын чыгымы үч миллион сомго жетти


Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, чек арадагы соңку атышуунун материалдык чыгымы алдын ала үч миллион сом деп эсептелди.

Жаңжалда эки сарай өрттөлүп, бир нече үй жана эки машине талкаланган. Бодо мал уурдалган, өрттөнүп кеткен фактылар катталды.

Ушул тушта жаңжалдан улам коопсуз жайга көчүрүлгөн тургундардын басымдуу бөлүгү үйлөрүнө кайтты. Кабарчыбыздын маалымдашынча, Таш-Тумшук айылынын айрым тургундары менен Көк-Ташта жашагандар толугу менен көчүп келе элек. Балалуу келиндер, аялдар коңшу айылдардагы тууган-туушканынын үйлөрүндө баш калкалап жатат. Эвакуациялангандардын арасында ооруп, бейтапканаларга жеткирилгендер да бар.

Баткенде 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.

XS
SM
MD
LG