Ссылки доступа

Казак бийлиги талоончулуктан зыян тарткан ишкерлерге компенсация төлөөнүн механизмин жарыялады (видео)


Алматынын бийлиги январдын башында болгон жапырт нааразылык акциялар маалында зыян тарткан ишкерлерге компенсация төлөп берүүнүн механизмдерин жарыялады.

Жалпысынан январдагы башаламандыктар маалында Алматыда бизнестин 1600дөн ашык субъектиси зыянга учурап, алардын жалпы чыгымы 146 миллион доллардан ашкан.

Алгач бийлик ишкерлер эч кандай акчалай кенемте албай турганын билдирген: кеп административдик колдоо чаралары жөнүндө гана болуп жаткан. Бирок өкмөттүк комиссиянын өкүлдөрү ишкерлер менен бир нече жолу жолуккандан кийин алардын позициясы өзгөргөн.

Жыйынтыгында Алматыдагы кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүнө акчалай компенсация берилмей болгон. Азырынча ири бизнести колдоо боюнча чаралар тууралуу маалымат жок.

Бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча бийлик сунуштап жаткан механимзге ылайык, талоончулуктан зыян тарткан ишкерлерге алардын салык төлөгөндө көрсөтүлгөн бир айлык кирешеси төлөнүп берилет. Ошол эле маалда алардын кирешеси катары ишкерлердин көбү киреше аз алган же таптакыр эле албаган карантин маалындагы көрсөткүчтөр алынат.

"Кенемте төлөөдө 2020-жылдын экинчи жана 2021-жылдын биринчи бөлүгүндөгү кирешелер эске алынат. Алар баары кошулуп, 12 айга бөлүнөт. Жыйынтыгында компенсация катары бериле турган сумма чыгат", — деди Алматыдагы чыгымдарды төлөп берүү боюнча комиссиянын мүчөсү Максат Нурахаев.

Өз кезегинде ишкерлер компенсация төлөөнүн мындай ыкмасына макул эмес. Алматыдагы кийим-кече саткан эки бутикке ээлик кылган Салтанат Жамилева башаламандыктар маалында келтирилген чыгымды 68 миң доллар деп баалап жатат. Анын айтымында, кирешесинин бир гана айын төлөп берүү — бизнесин куткарбайт.

"Бир айда саткан товардын суммасы менен дүкөндө турган жалпы товардын баасы дал келбейт. Башаламандыктар маалында дүкөндө болгон товардын баарын алып кетишкен. Бизде алып келген товардын баары дароо өтүп кеткен учур болбойт. Бийлик муну эске албай жатат", — деди Жамилева.

Алматынын бийлиги ишкерлерге бир айлык кирешесин төлөп берүүдөн тышкары алар соода жайларын оңдоо үчүн кетирген чыгымды төлөп берүүнү да убадалап жатат. Ишкерлердин зыянга учураган жабдууларынын баасын атайын баалоо комиссиясы аныктайт. Эгер жабдуулар уурдалып кеткен болсо, ишкерлерге алардын баасын далилдөө кыйла оор болуп калат.

Буга чейин бийлик зыян тарткан ишкерлерге салык төлөөдө жеңилдиктер берилип, насыя каникулу киргизилип, коммуналдык кызматтарды төлөөдөн бошотула турганын билдирген.

Ошол эле маалда бийлик башаламандык маалында келтирилген чыгымдар жөнүндө туура эмес маалымат берген ишкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG