Алар төшүнө жана далысына кызыл боек түшүрүлгөн жумушчулардын ак түстөгү кийимин кийип, Казакстандын желегин жана "Казакстанга чыныгы демократия керек", "Казакстандык тирандарга санкция киргизилсин", "Кыйноолорду токтотуп, тергөөнү баштагыла", "Полиция адамдарды тирүү алып кетип, сөөктөрүн кайтарып берди", "Жалган айтууну токтотуп, саясий реформаларды кылгыла" деген жазууларды кармап турушту. Активисттердин бул акциясы Улуу Британиянын парламентинде "Коррупцияга каршы санкциялар жана Казакстан" деген аталыштагы 3-февралга белгиленген дебаттардын алдында өттү.
28-январда ушундай эле кийимчен активисттердин акциясы Германиянын баш калаасы Берлин шаарында да өткөн. Январь окуяларында каза болгондордун сүрөттөрүн көтөргөн казак диаспорасынын өкүлдөрү куугунтукту токтотууну жана ачык тергөө жүргүзүүнү талап кылышкан. Алар Европа биримдигине кайрылып, ачык тергөө жүргүзүүгө жана репрессиялар менен кыйноолорду токтотууга жардам берүүгө чакырышкан.
Алматыдагы кандуу январь окуяларына чейин "Oyan, Qazaqstan" кыймылынын мүчөлөрү арт-перформанс уюштурушкан. Алар Казакстандын мыйзамды сыйлаган жарандарын символдоштурган жумушчулардын ак түстөгү кийимин кийип, далысына кызыл түстөгү боек чачып алышкан. Мындай жол менен алар 1986-жылкы Декабрь окуяларынын жана 2011-жылкы Жаңы-Өзөн окуяларынын курмандыктарын эскеришкен.
29-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 227 адамдын өмүрүн алган январь окуяларын эл аралык деңгээлде иликтөө тууралуу талаптарды четке каккан. Ал өлкөдөгү башаламандыктарга "бандиттер менен террорчулар" гана күнөөлүү экенин дагы бир жолу кайталап, ошол эле маалда бул сөздөрүнө байланыштуу кандайдыр бир далилдерди келтирген эмес.
Европарламент 20-январда "Казакстан калкына карата жасалган кол салуу менен кылмышты эл аралык деңгээлде изилдөө зарылдыгына" байланыштуу резолюция кабыл алган. Европарламенттин депутаттары январь окуяларында адам укугун одоно бузганы үчүн Казакстандын аткаминерлерине каршы санкция салуу маселесин козгогон.
Токаев бул резолюцияны "бир тараптуу, шашылыш" кабыл алынган чечим деп атаган.
Казакстандагы нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматыда ири башаламандык менен коштолгон.
Касым-Жомарт Токаев тополоң чыгаргандарды "эл аралык деңгээлде даярдыктан өткөн террорчулар" деп атап, аларга "эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин", Алматынын өзүндө эле "20 миңдей террорчу бар экенин" билдирген. Буга байланыштуу Токаевдин өтүнүчү менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлери Казакстанга кирип, кырдаал турукташкандан кийин кайра чыгып кеткен.
Тополоңдо жалпы 227 адам өлгөнү аныкталган. 10 миңдей адам кармалганы кабарланып, 700дөй кылмыш иши козголгон.