Ссылки доступа

Тажикстан былтыр Ооганстанга 56 млн. долларга электр энергиясын экспорттогон


Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума
Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума

Тажикстандын "Барки точик" энергохолдинги 2021-жылы Ооганстанга 56 миллион долларга 1 миллиард 257 миллион кВт/саат электр энергиясы экспорттолгонун билдирди.

"Ооганстанга электр энергиясын экспорттоо социалдык мааниге ээ. Коңшу өлкөдөгү кырдаал олуттуу кооптонууларды жаратууда. Ал жакта экономикалык жана социалдык маселелер тереңдеп жатат", — деди Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума 31-январдагы маалымат жыйынында.

Тажикстан дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле "Талибан" кыймылы түзгөн Ооганстандагы өкмөттү тааный элек, бирок мурдагыдай эле бул өлкөгө электр энергиясын жеткирүүнү улантып келет.

Өткөн жылдын 27-декабрында Ооганстандын энергетикалык "Брешна" компаниясы Тажикстандын "Барки точик" энергохолдинги менен 2022-жылдын аягына чейин Ооганстанга электр кубатын жеткирүү боюнча келишимге кол коюлганын билдирген.

"Барки точиктин" башчысы Махмадумар Асозоданын айтымында, бүгүнкү күндө "Брешна" компаниясынын электр энергиясы үчүн Тажикстанга карызы 33 миллион доллардан ашат.

"Биз карызды кайтаруу боюнча бул компания менен дайыма сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келебиз. Азыр аларда акча которуу боюнча чектөөлөр бар. Январда "Барки точик" компаниясына 2 миллион төлөп беришкен, азыр кийинки айда карызды толугу менен жабуу маселеси каралууда", — деди Асозода.

Расмий маалыматтарга ылайык, Тажикстан өткөн жылдын 11 айында жалпысынан 93,5 миллион долларга электр энергиясын экспорттогон. Бул 2020-жылдын 11 айына (40,5 миллион доллар) салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Тажикстан Ооганстандан тышкары Өзбекстанга да электр энергиясын экспорттойт.

Ошол эле маалда Тажикстандын айрым райондорунда тургундар күн сууктаганда электр энергиясынын өчүрүлүшүнө даттанып келишет.

XS
SM
MD
LG