Ссылки доступа

Түркмөнстан кайрадан камактагылардын саны эң көп өлкөлөрдүн катарына кирди


Иллюстрациялык сүрөт

Түркмөнстанда ар бир 100 миң тургунга 576дан камактагы адам туура келет. Бул тууралуу дүйнөдөгү абактар жөнүндө маалыматтарды жарыялаган World Prison Brief сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, Түркмөнстан бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда. Биринчи орунда ар бир 100 миң кишиге 629дан камактагы киши туура келген АКШ турса, экинчиде 580 киши менен Руанда турат.

Борбор Азиядагы Казакстанда ар бир 100 миң кишиге 177ден, Кыргызстанда 161ден, Тажикстанда 83төн жана Өзбекстанда 68ден адам туура келет.

Сайттын маалыматында Түркмөнстандын калкы 6 миллион 80 миң, камактагылардын саны 35 миң киши деп көрсөтүлгөн.

Түркмөнстандын бийлиги өлкө калкынын, түрмөдөгү адамдардын, соттолгондордун жана эркиндикке чыккандардын саны боюнча расмий маалыматтарды жарыялабайт.

Былтыр февралда Борбор Азия боюнча аналитикалык борбор түркмөн абактарында 35 миңге жакын киши бар экенин, бул өлкөдөгү түрмөлөрдүн санын эске алганда нормадан үч эсеге көп экенин билдирген.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы өз булактарына таянып билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө түркмөн абактарында камакта отургандардын саны 51 миңден ашык болушу мүмкүн. Ошол эле маалда өлкө калкынын саны 3 миллионго жетпейт.

Укук коргоочулардын чакырыктарына карабастан, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен көз карандысыз байкоочулар түркмөн абактарына кирүүгө уруксат ала албай келишет.

Эл аралык укук коргоо уюмдарынын маалыматына караганда, Түркмөнстан абактарда кыйноолор кеңири жайылган өлкөлөрдүн катарында калууда. Мындан тышкары Түркмөнстанда камактагы адамдардын дайынсыз жоголуп кеткенине байланышкан маселе да чечиле элек.

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG