Ссылки доступа

Украинадагы абалга байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү


Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя
Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя

31-январда АКШнын демилгеси менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, орус аскерлеринин Украина чек арасына жакын жерге топтолушу талкууланды.

Жыйында сүйлөгөн уюмдун баш катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Розмари Дикарло БУУ тараптарды чагымчылдыктан алыс болууга жана каатчылыкты дипломатиялык жол менен жөнгө салуу боюнча иштерди улантууга чакырды.

Батыш өлкөлөрү менен Киев Орусиянын Украинага жакын жерге 100 миңден ашык аскерин жайгаштырганына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, Москва бул өлкөгө кол салууга даярдык көрүп жатышы мүмкүн деп эсептешүүдө. Өз кезегинде Орусия мындай айыптоолорду четке кагууда.

"Орусия февралдын башында Беларустун Украинага жакын жайгашкан аймактарына 30 миңден ашык аскерин жайгаштырууну пландап жатканын көрсөткөн маалыматтарды алуудабыз. Азыр Беларуста Орусиянын 5 миңге жакын аскери, ошондой эле "кичи аралыктагы баллистикалык ракеталары, абадан коргонуу күчтөрү жана атайын даярдыктагы аскердик бөлүктөрү бар. Орус күчтөрүнүн Украинага жакын жерлерге топтолуусу — акыркы бир нече он жылдыктагы Европадагы аскерлердин эң ири мобилизациясы", — деди АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилд.

Мындан тышкары ал Орусия Украинага кол салса, АКШ жана анын өнөктөштөрү тез жооп кайтарарын эскертти.

Буга чейин Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Москва Украина маселеси боюнча Коопсуздук кеңештин жыйынын өткөрүүгө каршы экенин билдирип, башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүн бул сунушту колдобоого чакырган. Ал жыйын өткөрүү сунушу "ойдон чыгарылган жана Орусия буга чейин бир нече жолу четке каккан негизсиз айыптоолордон улам" сунушталганын белгилеген. Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында БУУнун Коопсуздук кеңешинин 10 мүчөсү сунушту колдоп, Орусия менен Кытай каршы болсо, дагы үч өлкө добуш берген жок.

Небензя журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Орусия НАТОнун чыгышты көздөй кеңейүүсүн токтотуу талабы боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаса да Украинага кол салбай турганын билдирди.

Коопсуздук кеңешиндеги талкуулардын жыйынтыгы боюнча эч кандай резолюция долбоорун кабыл алуу каралган эмес. Ал кабыл алынган күндө да вето коюу укугу бар Орусия өзүн айыптаган резолюция долбооруна бөгөт коёт деп күтүлүп жаткан.

XS
SM
MD
LG