Ссылки доступа

Жасалма паспорт даярдоо боюнча түйүндөрдүн бирин Түркиядагы өзбек тектүү адам жетектейт – The Guardian


Расмий визалар чапталган жасалма паспортторду даярдоо бизнеси "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобуна байланышы бар адамдардын Сириядан Улуу Британияга, Канадага, АКШга жана Европа биримдигине мүчө өлкөлөргө кирүүсүнө мүмкүндүктөрдү түзүп берүүдө.

Бул тууралуу The Guardian британ басылмасынын 31-январда жарыяланган иликтөөсүндө айтылат.

Иликтөөнүн жүрүшүндө мындай паспортторду даярдоо түйүндөрүнүн бирин Түркиядагы этникалык өзбек жетектей турганы аныкталган. Басылманын маалыматына караганда, ал түрдүү өлкөлөрдүн жогорку сапатта даярдалган жасалма паспортторун ири суммага, айрымдарын 15 миң долларга чейин сатат. The Guardian Сириянын чек арасынан мыйзамсыз өткөн бери дегенде эле он адам Стамбул аэропорту аркылуу чет өлкөлөргө кеткенин таап чыккан.

The Guardian'дын журналисттери байланышкан Түркияда жашаган өзбек тектүү эки адам жакында эле жасалма паспорт сатуу үчүн Istanbul Global Consulting деген аталышта расмий телеграм-канал ачышкан.

"Мен кардардын кайсыл топтон экенин сурабайм. Ким менен болсо да иштеше берем. Анын жакшы-жаман адам экенин мен аныктабайм. Муну менен атайын кызматтар алектениши керек", — деп жазган журналист менен сүйлөшкөн өзбек тектүү адамдын бирөө.

Ал кабарчыга чыныгы белгилери менен голограммалары түшүрүлгөн жаңы француз, белгия, болгар жана орус паспорттору тартылган бир нече видеону көрсөткөн.

Жасалма паспорт сатуучунун айтымында, паспорттордогу биометрикалык чипти даярдоо дээрлик мүмкүн эмес, бирок көпчүлүк чек ара бекеттеринде паспорт текшерген кызматкерлер иштебеген чиптерге көңүл бурбастан, паспорт ээсин өткөрүп жиберишет.

Басылманын маалыматына караганда, Европага барууга мүмкүндүк берген эң арзан паспорттордун катарына Орусиянын, Кыргызстандын жана Казакстандын паспорттору кирет. Алар 5 миң доллардын тегерегинде сатылат. Эгер буга шенген визасы кошулса, баасы 6 миң долларды түзүп калат.

Мындан кыйла популярдуу жана кымбатыраак баада украин жана молдова паспортторун алса болот. Алар ЕБ өлкөлөрүнө визасыз кирүү мүмкүндүгүн берет. Эң кымбат паспорттор ЕБге мүчө мамлекеттердин паспорттору — алардын баасы 8 миң долларга жетет.

2015-жылы Батыш өлкөлөрүнүн атайын кызматтары ИМ тобунун жоочуларында Сирия менен Ирактын жасалма паспортторун жасоо үчүн атайын жабдуулар жана бош бланктары бар экенин эскертишкен.

Кийинчерээк жасалма паспорттор аталган экстремисттик топтун мүчөлөрүнө Сирия жана Ирактан чыккан качкын катары дүйнө өлкөлөрүн кыдырып жүрүүсүнө жардам берген. ИМ бир нече терактка, анын ичинде 2015-жылы ноябрда Париждеги "Батаклан" театрында жана 2017-жылы Манчестер аренасындагы жардыруулар үчүн жоопкерчилик алган.

XS
SM
MD
LG