Ссылки доступа

Москвада жапырт мушташка катышууга шектелип тажикстандык 15 мигрант кармалды


Орусиянын укук коргоо органдары жапырт мушташууга шектелген тажикстандык 15 жаранды кармады.

31-январда Тажикстандын Москвадагы элчилиги билдиргендей, жети мигрантка карата административдик иш козголуп, алар Орусиядан депортацияланышы мүмкүн. Тажикстандын дагы бир жараны бейбаштыкка шектелүүдө. Ага карата кылмыш иши козголду.

Буга чейин тажик мигранттары Орусиянын укук коргоо кызматкерлери аларды атайылап топ-тобу менен кармап, жалган жалаа менен иш козгоп жатканына даттанышкан.

Орусиянын бийлиги мындай айыптоолорду четке кагып, бул жолу тажик мигранттары Москванын түштүгүндө жапырт мушташтан кийин кармалганын кабарлады.

"Полиция келген маалда мушташка 15 киши катышып жаткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Алар курал колдонуу менен бейбаштык жасоого айыпталууда", - деди Москва шаардык ички иштер башкармалыгындагы өз булак.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги уруш жеке келишпестиктен башталып, андан соң жапырт мушташка айланып кеткенин тастыктады.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, тартип бузуу шеги менен жалпысынан 66 чет өлкөлүк жаран кармалган. Азырынча тажикстандык 15 жарандан башкалары жөнүндө маалымат жок.

XS
SM
MD
LG