9 кишинин жетөө - тергөө изоляторунан, экөө - шаардык ооруканадан чыгарылды.
Соцтармактарда тараган видеолордон тергөө изоляторунан чыккан кишилердин аксап, өз алдынча баса албай калышканын көрүүгө болот. Айрымдары балдак менен жүрөт. Абактан чыкканда аларды жакындары тосуп алышты.
Маалыматка караганда, баш коргоо чарасы кармалгандардын ден соолугуна байланыштуу өзгөртүлгөн. Алар эч жакка чыкпоо жөнүндө тил кат жазып беришкен. Тергөө уланат.
Январь окуяларына байланыштуу кармалып, кийин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп эркиндикке чыккандар 25 кишиге жетти. "Аманат" комиссиясынын маалыматы боюнча Алматынын тергөө изоляторунда эле "жапырт бейбаштык" иши боюнча 250-280 киши отурат.
Буга чейин Башкы прокуратура укук коргоо органдары кармоо жана тергөө учурунда мыйзамсыз аракеттерге (кыйноо, ыйгарым укуктарынан ашкере пайдалануу жана башка) барганын мойнуна алган. Расмий маалымат боюнча жарандардан 109 арыз түшкөн. 11 даттануу боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталган.
Расмий маалыматка караганда, январь окуясы боюнча жалпысынан 2044 кылмыш иши козголуп, 900гө чукул шектүү кармалган. Алардын 800дөйү соттун санкциясы менен камакка алынган.