Комбинатты жетектеген компания жана бийлик окуяны “кокустук” деп атады.
Караганды облусу боюнча эмгек инспекциясынын атайын комиссиясы иликтөө иштерин баштады.
Аткаминерлер жана иш берүүчү аглофабрикада жумушчуга эмне болгонун так айткан жок. Айрым маалыматтарга караганда, жумушчуну өндүрүш конвейнери тартып кеткен болушу мүмкүн.
Январда «АрселорМиттал Темиртау» компаниясына тиешелүү «Шахтинская» шахтасында кенчи каза болгон. Ал эки апта ооруканада жатып, 10-январда көз жумган. Бул окуяны да “кокустук” деп аташкан. Шахтердун өлүмүнүн себеби азыркыга чейин айтыла элек.
«АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын курамында Караганды облусундагы бир нече шахта жана Темиртау шаарындагы металлургиялык комбинат бар. Компанияга миллиардер Лакшми Миттал ээлик кылат.