Ссылки доступа

"Талибан" кыймылы Дүйшөмбү менен Бишкекти диалогго чакырды


Ооганстандын башында турган «Талибан» кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик жаңжалында курман болгондор боюнча «өкүнүчүн» билдирип, тараптарды «маселени диалог аркылуу чечүүгө» чакырды.

Мындай маалымат «Талибандын» расмий сайтында 31-январда жарыяланды.

24-январда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда тажик тараптан эки адам каза болуп, он чакты адам жаракат алган. Ал эми кыргыз тараптан 13 киши жабыркаган. Кагылышуунун тутанышы үчүн эки тарап бири-бирин айыптаган.

Тажикстан менен Кыргызстанда «Талибан» кыймылы экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизилген. Анткен менен буга чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков бир нече жолу Ооганстанга барып, талибдердин өкүлдөрү менен сүйлөшүп келген.

Былтыр 15-августта Ооганстандын бийлигин басып алган талибдердин бийлигин азырынча бир да мамлекет тааный элек.

XS
SM
MD
LG