Ссылки доступа

Мажилис Назарбаев менен саясий демилгелерди макулдашуу жөнүндөгү норманы жокко чыгарды


Казакстандын парламенти өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен ички жана тышкы саясаттагы демилгелерди макулдашуу зарылдыгы жөнүндөгү норманы жокко чыгарган мыйзамдагы өзгөртүүлөрдү колдоду.

Муну менен кошо парламенттин эки палатасы тең Нурсултан Назарбаевди Коопсуздук кеңеши жана Казакстан эл ассамблеясын өмүр бою башкаруу укугунан ажыраткан мыйзам долбоорун жактырды.

"Тунгуч президент жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.

Казакстанды отуз жылдай башкарган Назарбаев 2019-жылы мартта президенттиктен кеткен. Бирок ал 2022-жылдын 5-январына чейин Коопсуздук кеңешинин башчысы иретинде бийликти көзөмөлдөп турган. Айрым талдоочулар январдагы нааразылык жана башаламандык Назарбаевдин таасирин алсыратты деп эсептешет.

Январдагы жапырт башаламандык учурунда Талдыкорган шаарында Назарбаевдин эстелиги кулатылып, айрым калааларда анын ысымы берилген көчөдөгү жазуулар алынган.

Назарбаевдин жакындары кызматтан четтетилди. Айрымдары кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат. Назарбаев өзү 18-январда видеокайрылуу жасап, бардык бийликти Токаевге толук өткөрүп бергенин, элита арасында талаш жок экенин айткан.

XS
SM
MD
LG