Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин 2-февралдагы маалымат жыйыны учурунда Тажикстандын "Талибан" кыймылына болгон позициясы өзгөрбөгөнүн айтты. Ошол эле маалда ал Тажикстан Ооганстанга электр энергиясын жана гуманитардык жардам берүүнү уланта турганын белгиледи. Министрдин билдиришинче, Тажикстан Ооганстан менен чек араны бекемдөө үчүн кошумча күч жөнөттү.
"Талибан" кыймылы Кабулду басып алгандан кийин жүздөгөн ооган качкындары тажик чек арасынан өтүүгө аракет жасашкан. Укук коргоо уюмдары тажик бийлиги качкындардын ооган-качкын чек арасынан өтүүсүнө тоскоолдук жаратканын ырасташууда. Кийинчерээк бозгундардын бир бөлүгү талибдер аларды чек арадан күч менен алып кеткенин айтышкан.
Буга чейин Душанбе "Талибан" өкмөтү менен кызматташпай турганын расмий түрдө билдирген. Бул кыймылдын жетекчилиги менен тажик бийлиги бир нече жолу оозеки айтышканы белгилүү.