Ссылки доступа

Талибдер Ооганстанда алгачкы жолу аялдарды жетектөөчү кызматтарга дайындады


Кабул шаары, декабрь 2021-жыл
Кабул шаары, декабрь 2021-жыл

"Талибан" кыймылы Ооганстанда бийликке келгенден бери алгачкы жолу эки аялды жетектөөчү кызматка дайындады.

Алардын бири Кабулдагы адистештирилген төрөт үйдүн директорлугуна дайындалса, экинчиси гинекологиялык клиникага жетекчи болду.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, талибдер мындай чечимди эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолуккандан кийин кабыл алышты. Ал жолугушууда аялдардын Ооганстандагы жашоого аралашуусу тууралуу маселе талкууланган.

Талибдер былтыр августта бийликке келгенден кийин өлкөдөгү аялдардын укуктарын сактоону убадалап, бирок көп өтпөй чектөөлөрдү киргизе башташкан. Алар 20 жылдан бери иштеп келген Аялдар иштери боюнча министрликти жоюп, кыздардын мектепте билим алуусун чектешкен. Мындан тышкары аялдардын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салынып, телеканалдарда иштеген кыз-келиндер хижаб кийүүгө милдеттендирилген.

"Талибан" кыймылы түзгөн жаңы өкмөттүн курамына бир да аял кирген эмес.

XS
SM
MD
LG