Ссылки доступа

Тажик ТИМи: Душанбенин "Талибанга" карата позициясы өзгөргөн жок


Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин
Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин

Душанбенин "Талибан" кыймылына карата позициясы өзгөргөн жок. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин билдирди.

Тажикстандын бийлиги Ооганстанда жергиликтүү тажиктер "өз ордун татыктуу ээлей турган" инклюзивдүү өкмөт түзүлүшү керек экенин айтып келет. Талибдер Душанбенин мындай билдирүүсүнө жооп берип, тажик бийлигин Ооганстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырышкан.

"Бүгүнкү күндө дүйнөлүк коомчулук да Ооганстанда инклюзивдүү өкмөт түзүлүшү керек деп билдирип жатат. "Талибан" ушул багытта кетиши керек. Талибдер Ооганстанда адам укуктары менен эркиндиги сакталып жатканын иш жүзүндө көрсөтүшү зарыл", — деди Мухриддин.

Министр мындан тышкары "коопсуздук маселесинен улам" Тажикстан Ооганстан менен чек арасын толук ача албастыгын кошумчалады. Ошол эле маалда ал Тажикстан Ооганстанга электр энергиясын жана гуманитардык жардам берүүнү уланта турганын белгиледи. Министрдин билдиришинче, Тажикстан Ооганстан менен чек араны бекемдөө үчүн кошумча күч жөнөткөн.

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, ушул тапта Тажикстанда 15 миңден ашык ооган качкыны бар.

"Талибан" кыймылы Кабулду басып алгандан кийин жүздөгөн ооган качкындары тажик чек арасынан өтүүгө аракет жасашкан. Укук коргоо уюмдары тажик бийлиги качкындардын ооган-тажик чек арасынан өтүүсүнө тоскоолдук жаратканын ырасташууда. Кийинчерээк бозгундардын айрымдары талибдер аларды чек арадан күч менен алып кеткенин айтышкан.

XS
SM
MD
LG