Ссылки доступа

Жаныш Рустенбеков Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматынан алынды


Президент Садыр Жапаров Жаныш Рустенбековду Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин администрациясы бул чечимге байланыштуу түшүндүрмө тараткан жок.

Соңку кездери кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдардан улам Рустенбековдун дарегине сын-доомат көп айтыла баштаган.

Ал кызматка 2018-жылдын аягында дайындалган.

Былтыр сентябрь айында Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматына парламенттин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматовдун талапкерлигин жактырган. Бирок мындан көп өтпөй Улуттук коопсуздук комитети аны алдамчылыкка шек санап камакка алган.

Өткөн айда Жогорку Кеңеште элчилерди дайындоодогу парламенттин кадыр-баркы тууралуу талаш-талкуу чыккан. Анын алдында парламенттин тармактык комитети Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматына Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин колдобой койгон. Бирок президент Садыр Жапаров аны өз жарлыгы менен дайындаган.

XS
SM
MD
LG