Кийинчерээк бул билдирүүнү Пентагондун расмий өкүлү ырастады. Анын айтымында, президент Жо Байден Кошмо Штаттардан Европага 2 миң аскер жөнөтүүгө буйрук берди. Алар Польшага жайгаштырылат.
Дагы 1 миң америкалык аскер Германиядан Румынияга жөнөтүлөт.
Буга чейин АКШ 8500 жоокери Европага жөнөөгө толук даярдыкта турганын билдирген.
Мындан тышкары Улуу Британия жакынкы убактарда Польша менен Эстонияга кошумча күчтөрүн жөнөтө турганы кабарланган.
АКШ менен анын союздаштары Орусия Украинага карата кандай гана агрессиялык аракетке барбасын, ал НАТО аскерлеринин Чыгыш Европадагы күчтөрүнүн көбөйүшүнө алып келе турганын буга чейин бир нече жолу эскертишкен. Алардын айтымында, аскерлер Украинага жөнөтүлбөйт. 2-февралда Пентагондун өкүлү америкалык жоокерлер Украинанын аймагында согушпай турганын дагы бир жолу ырастады.