Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзоданын айтымында, Аловатшоев издөөдө жүрүп, мекенине "өз каалоосу менен келгенде кармалган". Бирок мигранттын жакындары бул маалыматты четке кагып, ал Орусияда кармалып, кийин Тажикстанга алып келингенин билдиришүүдө.
Тажикстан ИИМинин Кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Шоди Хафиззоданын билдиришинче, Аловатшоевге адамды барымтага алуу, анын эркиндигин мыйзамсыз чектөө жана "башка кылмыштуу мүнөздөгү аракеттерге баруу" айыптары тагылган. Анын бөгөт чарасы каралып, тергөө абагына камакка алынган.
"Азия-Плюс" басылмасы өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмонго шилтеме кылып, Аловатшоев 12-январда Орусиянын Белгород шаарында кармалганын кабарлады. Анын тарапташтары ал эч качан мыйзамсыз иштерге барбаганын, Орусиядагы бадахшандык жаштардын лидери болгондуктан, дайыма мигранттарга колдоо көрсөтүп келгенин билдиришүүдө.
Аловатшоевдин Тоолуу Бадахшанда жашаган үй-бүлөсү 11-январдан бери андан кабар жоктугун айтып келишкен. Жергиликтүү айрым маалымат каражаттары аны Орусияда "уурдап" кетишкенин, 13-январда экстрадицияланганын жаза баштаган. Тажик бийлиги муну четке каккан.
2021-жылы 25-ноябрда тажик күч түзүмдөрү Тоолуу Бадахшан облусунун Шохдар айылында атайын операция жүргүзүп, анда жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбеков жок кылынган. Андан кийин жүздөгөн адам Хорог шаарындагы облустук администрациянын имаратынын алдына чогулуп, Зиёбековду өлтүргөн милиция кызматкерлерин жазалоону талап кылышкан. 28-ноябрда бийлик жергиликтүү тургундун өлүмү боюнча объективдүү тергөө жүргүзүүнү, митингге чыккандарды куугунтуктабоону жана аймакка кайра интернет берүүнү убадалагандан кийин акция катышуучулары тараган.
Ал күндөрү Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында да аймактан чыккан мигранттар чогулуп, тилектештигин билдиришкен. Алардын арасында Аловатшоев да жүргөнү маалымдалган.