Ссылки доступа

Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болуп дайындалды


Президент Садыр Жапаров "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди Кыргызстандын Германиядагы элчиси кылып дайындады. Бул тууралуу "Азаттыктын" ишенимдүү булактары билдирди.

Текебаевге Германиядан агреман 2021-жылы август айында келгени белгилүү болду. Саясатчы буга чейин элчиликке барар-барбасы тууралуу так пикирин айтпай келген.

Өмүрбек Текебаевдин элчиликке талапкерлиги парламенттин тармактык комитетинин кароосуна киргизилген жок. Буга чейин президенттин басма сөз кызматы жаңы Баш мыйзамга ылайык, президент элчилерди тармактык комитеттин кароосуз дайындай аларын билдирген.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп буга чейин Эрлан Абдылдаев иштеп келген. Ал 2020-жылы июль айында дайындалган.

Өмүрбек Текебаев 2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясын баштап барган. Партия шайлоодо 5% босого чектен өткөн эмес.

Белгилүү оппозициялык саясатчы Текебаев парламенттин алты чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы. 2010-жылы Апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары болгон.

XS
SM
MD
LG