Ссылки доступа

Алматы акимчилиги активисттерге аза күтүү акциясын өткөрүүгө уруксат берген жок


Алматы акимчилиги активисттерге январь окуяларын эскерип, митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Активист Марат Турумбетов "Фейсбуктагы" баракчасына бийлик 13-февралга белгиленген "Январь-2022" деп аталган аза күтүү митингин өткөрүүгө уруксат бербегенин жазды.

"Алар үчүн январь окуясы менен курман болгон жарандар маңыздуу эмес окшойт, эл менен диалог болбой турганы айдан ачык. Алматыга дайындалган аким Досаев муну менен калкка болгон мамилесин көрсөттү жана демократияга карай багыт албай турганын далилдеди" — деп жазды активист.

Мэрия шаардын башкы санитардык дарыгеринин чечимине таянуу менен жапырт иш-чараларды өткөрүүгө болбой турганын кабарлаган. Акимчилик ошол эле маалда митингди Махатма Ганди менен "Сарыарка" кинотеатрынын артында өткөрсө боло турганын айткан.

Активисттер буга карабай 13-февралда Республика аянтында аза күтүү митингин өткөрүүгө бел байлап жатышат.

Январь айынын башында болгон тополоңдо жалпы 227 адам набыт болгону аныкталды. 10 миңдей адам кармалганы жана 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланган.

XS
SM
MD
LG