"Азыр орус тарап менен макулдашуу боюнча иштер жүрүп жатат. 2025-жылга карата Орусиянын беш ЖОЖунун филиалы ачылат деп айта алам", — деди Кобенова.
Ал орус университеттеринин көбү дүйнөдөгү эң абройлуу 100 окуу жайдын рейтигине кирбегени тууралуу суроого жооп берип, журналисттерге "атайын адистиктер боюнча предметтик рейтингдерди" кароону сунуштады. "Москва улуттук өзөктүк изилдөөлөр университети, Бауман атындагы Москва техникалык университети же Новосибирск мамлекеттик университетинде кадрларды даярдоо боюнча калыптанып калган өздөрүнүн салты бар экенинен эч ким күмөн санабаса керек деп ойлойм", — деди Кобенова.
Дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин рейтингинде Орусиянын бир гана жогорку окуу жайы бар — ал Москва гуманитардык университети. Новосибирск мамлекеттик университети 246чы, Москва мамлекеттик техникалык университети 281чи, Москва улуттук өзөктүк изилдөөлөр университети 319-орунга жайгашкан.
28-январда мамлекеттик "Болашак" программасы боюнча казак студенттери жөнөтүлө турган чет өлкөлүк окуу жайлардын тизмесине Орусиянын беш университети кошулганы белгилүү болгон. Алар: Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университети, Москва улуттук өзөктүк изилдөөлөр университети, Москва мамлекеттик университети, Санкт-Петербург мамлекеттик университети жана Москва физика-техникалык институту.
Акыркы апталарда казак коомчулугунда президент Касым-Жомарт Токаевдин саясаты Орусия менен жакындоого багыт алды деген божомолдор айтылып келет. Айрым жарандар Токаевдин өткөн жумада "Хабар" телеканалына берген орус тилиндеги интервьюсу "орусиялык аудитория үчүн" даярдалган деп баалашкан. Анда президенттин басма сөз катчысы "интервью дүйнөлүк аудиторияга арналгандыктан" президент жалаң орус тилинде сүйлөгөнүн айткан.