Ссылки доступа

Казакстанда январь окуяларына байланыштуу көп балалуу энелер менен өспүрүмдөр да тергөө абагында отурат


Укук коргоочулар жана юристтер Казакстандын ар кыл шаарларында көп балалуу энелер камакта экенин, мындан тышкары Тараз шаарындагы тергөө изоляторунда жашы жете элек балдар да бардыгын кабарлашты.

3-февралда өткөн маалымат жыйынында юрист Газиза Амирбекова Кызылордодо сегиз көп балауу эне “Жапырт башаламандык” беренеси боюнча айыпталып жатканын, айрымдары тергөө абагында экенин билдирди. Актөбөдө да көп балалуу үч аялга ушундай эле айып тагылган.

Амирбекованын маалыматына караганда, Тараз шаарындагы тергөө изоляторунда 16-17 жаштагы алты бала отурат. Аларга да “жапырт башаламандыкка катышуу” беренеси боюнча иш козголгон.

Активист Муратбек Есенгазынын адвокаты Галым Нурпеисовдун айтымында, тергөө абагындагылар кыйноого кабылууда. "Аны катуу сабышкан, жарым күн кыйнашкан. Союл менен кежигеге урушкан. Алар кийин өзү бир жерге урунуп алган болсо керек деп айтуу үчүн бир точкага гана ургулап, гематома пайда кылышууда", — деди Нурпеисов.

Нурпеисов кыйноо жөнүндө арыз Алматы прокуратурасында 14-январда эле каттоодон өткөнүн, бирок судмедэкспертизаны дайындоо 24-январда – бул маселени ЖМКлар аркылуу көтөргөндөн кийин башталганын айтты.

Адвокаттар хаос жана башаламандык уюштурган кишилер качып жүргөн маалда жөнөкөй кишилер тергөө изоляторунда отурушат деп эсептешет.

Бийликтин расмий маалыматына ылайык, январдын башында Казакстандагы тополоңдо 227 киши өлүп, он миңден ашуун адам кармалган. Укук коргоочулар бул сан алда канча көп болушу мүмкүн экенин боолгошот. Президент Касым-Жомарт Токаев укук коргоочуларды жана көз карандысыз активисттерди "каршылык акцияларын тутандырууга" айыптаган.

XS
SM
MD
LG