Ссылки доступа

Байден "ИМ" террордук тобунун лидери жок кылынганын билдирди


АКШ президенти Жо Байден "Ислам мамлекети" террордук тобунун лидери Ибрагим аль-Хашими аль-Кураши Сириядагы атайын операциянын жүрүшүндө жок кылынганын билдирди.

Байден 3-февралда жасаган билдирүүсүндө, операция Сириянын түндүк-батышында жүргүзүлгөнүн жана ага катышкан америкалык аскерлер ийгиликтүү кайтканын кошумчалады.

Буга чейин Пентагон рейд жүргүзүлгөнүн кабарлаган. Associated press маалымат агенттиги окуянын күбөлөрүнө таянып, эки саатка созулган операция маалында 13 киши, анын ичинде алты бала, төрт аял каза болгонун жазды.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Сириядагы жарандык согуштан жана Ирактагы туруксуз кырдаалдан улам баш көтөргөн. 2013-2014-жылдардан бери Ирак менен Сириянын бир катар аймактарын басып алып отуруп, "халифат" түзгөнүн жарыялаган. Бул топ үрөй учурган ырайымсыз кылмыштарга барып, миңдеген адамдардын өлүмүнө түздөн-түз себепкер болгон. Экстремисттик топко дүйнөнүн булуң-бурчунан, анын ичинде Кыргызстандан да барган жоон топ адам кошулуп кеткен.

Кийинчерээк "Ислам мамлекети" тобунун негизги позициялары талкаланып, согушкерлер Ирактан жана Сириянын көп аймактарынан сүрүп чыгарылган. Бул радикал топтун бутактары Жакынкы Чыгышта жана Ооганстанда дагы деле активдүү экени кабарланып келет.

XS
SM
MD
LG