Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө эки суткадан бери митинг өтүүдө


Жаңы-Өзөн шаарынын жүздөн ашык жашоочусу акимчиликтин алдына чогулуп, жумуш берүүнү талап кылууда. Алар бул жерде соңку эки суткадан бери турушат.

Нааразылыкка чыккандар президент Токаевге кайрылуу жолдошуп, жергиликтүү бийликке ынанбай турушканын, 2020-жылы түзүлгөн ишке орноштуруу тизме-схемасы адилетсиз ишке ашып жатканын айтышты.

«Бардык жумушсуз жарандарды мунайгаз тармагындагы келечектүү жана туруктуу жумушка орноштурууну талап кылабыз», - дешти митингге чыккандар.

Жаңы-Өзөн акимчилиги нааразы топтун талабына комментарий берген жок. Маңгыстау облусунун акимчилиги жашоочулар иш менен камсыздоо борбору сунуштаган жумуштарга макул болбой, баары мунайгаз тармагында гана иштөөнү талап кылып жатышканы кабарлады. «Түшүндүрүү иштери уланат», — деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы-Өзөндө жумушсуздук – курч маселелердин бири. Татыктуу иш менен камсыздоону талап кылган митингдер байма-бай өтүп турат. Шаарда 160 миң киши жашайт.

Казакстандагы нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингде башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Тополоңдо жалпы 227 адам өлгөнү аныкталды. Бирок каза болгондордун аты-жөнү жарыяланбады. Укук коргоочулардын айтымында, каза болгондордун, жарадар болгондордун жана кармалгандардын арасында кылмышкер эмес тургундар да бар. Жабыркагандар арасында аялдар менен балдар, митингге эч кандай тиешеси жок жай тургундар да бар экени белгилүү болду. 10 миңдей адам кармалганы кабарланып, 700дөй кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG