Ссылки доступа

Генарал Гулахмадзода Тажикстанда күч менен аскерге алып кетүү тажырыйбасы бар экенин тастыктады


Тажикстандын Каржы көзөмөлү жана коррупция менен күрөшүү агенттигинин Куляб аймагы боюнча башкармалыгынын башчысы, генерал Жамшед Гулахмадзода өлкөдө уландарды күч менен аскерге алып кетүү тажырыйбасы бар экенин тастыктады.

Генерал Гулахмадзода журналисттер менен жолугушуу учурунда күч менен кармоо болбосо жана университеттер менен коллеждер жардам берсебе, Куляб шаары аскерге чакыруу боюнча пландын графигинде 25тен 15 орунга көтөрүлө алмак эместигин айтты.

"Мен милиция кызматкерлерин, айылдык кеңештин жумушчуларын, жарандык активисттерди, университет жана коллеждердин жетекчилерин тартып, жыйынтыгында 15-орунду алдык", - деди аткаминер. Ал журналисттин “Күч менен кармоо тажырыйбасын колдонуу мененби?” деген суроосуна: “Ооба, ошондой! Кааалаган жагыңа арыздан!” деп жооп берди.

Тажикстанда армияга чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө болот. Анда 18 жаштан 27 жашка чейинки жарандар аскерге чакырылат.

Аскерге чакыруу өнөктүгү башталганда өспүрүмдөрдү көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап армияга алып кеткен учурларга даттангандар көп.

Видео

Видео

 "Сен деп келген сапардан артка кайтпайм"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:31:12 0:00
XS
SM
MD
LG