Ссылки доступа

The Diplomat: Соттолгон эки блогердин иши Өзбекстанда сөз эркиндиги чектелгенин далилдейт


Миразиз Базаров менен Фозилхожа Орифхожаев
Миразиз Базаров менен Фозилхожа Орифхожаев

Өткөн апталарда Өзбекстанда эки блогер – Фозилходжа Орифхожаев менен Миразиз Базаров түрмөгө кесилген.

41 жаштагы Орифхожаев 26-январда "Коомдун коопсуздугуна коркунуч жараткан материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Буга Орифхожаевдин 2021-жылы 6-мартта “Фейсбуктагы” баракчасына башка диндин өкүлдөрүн диний майрамдары менен куттуктоо туурабы же жокпу деген өңүттө жазган пикири себеп болгон. Бирок Орифхожаевди бул билдирүүдөн бир нече ай өткөндөн кийин камашкан.

Тактап айтканда, Орифхожаев былтыр июндун аягында блогер Аброр Абдуазимов менен болгон жаңжалдан кийин камакка алынган. 26-июнда Ташкенттеги "Тухтабой" мечитине барган Арифхожаев ал жерде намаз окуп жаткан Абдуазимовду "эки жүздүү" деп атап, ортодо чыр чыккан. 28-июнда ал укук коргоо органдарына чакырылып, майда бейбаштык айыбы тагылган. Административдик сот ошол эле күнү блогерди 15 суткага камакка алуу өкүмүн чыгарган.

21-январда Мирабад райондук соту ташкенттик дагы бир блогер Миразиз Бозоровду үч жылга эркинен ажыраткан. Расмий маалыматтарга ылайык, ага каршы арыз жазган төрт кишинин арасында жогоруда аты аталган Аброр Абдуазимов да болгон.

Былтыр апрелде Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы Миразиз Базаровго мыйзам чегинде чара көрүүнү талап кылган жамааттык арыз түшкөнүн билдирген. Мугалимдер Базаровдун 2020-жылдын октябрь айында "Тик-Токто" жайгаштырылган видеолорунун бири аларды таарынтканын айтышкан. Видеодо блогер "Мектеп - бул балдарды кул жана ийгиликсиз болууга үйрөткөн жер" деп айткан.

21-январда Ташкенттин Мирабад райондук соту "жалаа жабууга" айыпталган блогер Миразиз Базаровдун эркиндигин үч жылга чектеген.

The Diplomat басылмасы бул блогерлердин иши Өзбекстанда сөз эркиндиги чектелгенинен кабар берип, сөз эркиндиги менен пикир билдирүүдө мамлекеттин көзөмөлү сакталып калганын жазды.

XS
SM
MD
LG