Ссылки доступа

Акыйкатчы: Тажикстанда адам укуктарына байланыштуу абал жакшырды


Тажикстандын Акыйкатчысы Умед Бобозода
Тажикстандын Акыйкатчысы Умед Бобозода

Тажикстанда адам укуктарына байланыштуу абал акыркы жылдары жакшырды. Бул тууралуу Тажикстандын Омбудсмени Умед Бобозода билдирди. Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар буга макул эмес.

Акыйкатчы абалдын жакшырганы мониторинг жана текшерүүлөр менен тастыкталганын айтты. Анын билдиришинче, 2021-жылы ар кыл органдар жабык жана жарым жабык мекемелерде, тергөө изоляторлорунда, убактылуу кармоо жайларында, аскер бөлүктөрүндө, мектеп-интернаттарында 33 мониторинг, 27 текшерүү жүргүзүшкөн.

Ошол эле маалда "Озодинин" кабарчысынын "Бул текшерүүлөрдүн жүрүшүндө кандай мыйзам бузуулар аныкталды?" деген суроосуна так жооп болгон жок.

Былтыр "Хьюман Райтс Вотч" эл аралык укук коргоо уюму дүйнөдөгү адам укуктары боюнча жылдык баяндамасында Тажикстанда 2021-жылы адам укуктарына байланыштуу абал начарлаганын билдирген.

Укук коргоочулар Тажикстандын түрмөлөрүндө шарт жок, киши көп жана камактагылар дайыма кыйноого кабылып келерин белгилешет.

Тажикстандын Омбудсмен аппараты 2021-жылы түрмөдөгү кыйноо боюнча 15 арыз келип түшкөнүн, бирок анын бири да тастыкталбаганын айтты.

XS
SM
MD
LG