Ссылки доступа

Эрдоган Украина менен Орусияны элдештирүү ниетин билдирди


Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Зеленский. Киев, 3-февраль, 2022-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Зеленский. Киев, 3-февраль, 2022-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон украин кесиптеши Владимир Зеленский менен жолугушуу учурунда Түркияда Украина менен Орусия лидерлеринин жолушуусун өткөрүүнү сунуштады.

"Кара деңиз аймагында чыңалууну азайтуу үчүн бардык күчүбүздү жумшоого даярбыз", — деди ал.

Сүйлөшүү учурунда Эрдогандын Орусия менен Украинанын арасында ортомчу болуу демилгесин Киев жакшы кабыл алды. Бул тууралуу биргелешкен маалымат жыйынында Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

Эки апта мурун Эрдоган келишпестиктерди жөнгө салуу үчүн өз аймагында Путин менен Зеленскийдин жолугушуусун сунуштаган. Кремлдин атайын өкүлү Дмитрий Песков эгер түрк өнөктөштөр Киевди Минск келишимдерин аткартууга көндүрө алса кубаттай гана турганын айткан. Айрым орусиялык эксперттер Анкаранын бул каалоосун постсоветтик аймакта өз ролун жогорулатуу аракети катары баалашкан.

Украина менен Түркия лидерлери жолугушуу учурунда биргеликте учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүнү кеңейтүүгө макулдашты.

Акыркы жылдары Түркия менен Украина коргонуу тармагында кызматташууну жандандырышты. 2019-жылдан баштап Киев Анкарадан "Байрактар" учкучсуз учактарын сатып алууда. Украина да түрк аскер кемелерин сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

XS
SM
MD
LG