Ссылки доступа

Казакстандын энергетика министри: газ нааразылыгына байланыштуу катачылыктар кайталанбоого тийиш


Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков 3-февраль күнү брифинг учурунда "Азаттыктын" январдагы нааразылыктардын себеби тууралуу суроосуна жооп берди. Мекеме башчысы "катачылыктар кайталанбоого тийиш" деди.

– Алдыдагы убакытта мындай жагдайга жол бербөө үчүн ушул мезгилге карата (күйүүчү майдын баасын көтөрүүгө 180 күн мораторий киргизүү) жаңы эреже караштыруу керек. Окуянын себебин иликтеп, күнөөлүүлөрдү издөө менен башка мамлекеттик органдар алектенип жатат. Ал эми биздин милдетибиз – келечекте мындай эксцесске жол бербөө, буга каршы күрөшүү үчүн жаңы реформа жасоо, керектөөчүлөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн укуктарын бузбоо, - деди Акчулаков.

4-январда Актау шаарындагы өкмөттүк комиссия Маңгыстау облусунда суюлтулган газдын баасы 50 теңгеге төмөндөй турганын жарыялаган. Министр өндүрүш ушул аймакта болгондуктан баа арзан экенин айтты. Калган облустарда баа ар түрдүү, бирок литри 75 теңгеден ашпай турганы айтылган. Январь айындагы нааразылыктан кийин өкмөт газдын баасын жогорулатууга 180 күнгө мораторий жарыялаган.

15-январда бийлик Маңгыстау облусунда суюлтулган газды негизсиз кымбаттатууга катышы бар кишилердин кармалганын билдирген. Алардын арасында энергика министринин орун басары Жумабай Карагаев жана электрондук соода биржасынын жетекчиси да бар.

XS
SM
MD
LG