Ильмурадовдун айтымында, ал Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери. 2014-жылы Орусияда камакка алынып, Омск шаарындагы абакка которулган.
"Ал жактан бизге өтө начар мамиле кылып, кемсинтишчү. Жылаңач чечинтип, сабап, колдорубузду скотч менен байлап, башыбызга желим баштыктарды кийгизишкен. Кыйноолорго даттангандарды ур-токмокко алып, каршылык көрсөткөндөрүн зордуктап да коюшчу. Камактагылардын биринин башына желим баштык кийгизип, бутунан байлап бир нече саатка асып коюшкан", — деди Ильмурадов.
Анын айтымында, Омск абагына которулгандан бир ай өткөндөн кийин аялы ага камера орнотулган кол саат алып келип берген. Ага тартып алынган видеолорду 2015-жылы аялы аркылуу Башкы прокуратурага жөнөткөн. Бирок аталган абакта эч кандай текшерүүлөр болгон эмес.
Бул маалымат түрмө жетекчилигине жеткенден кийин Ильмурадов 15 суткага айып абагына камалган. Ал жактан ага түрмө кызматкерлери жана прокурорлор жолугуп, ток менен кыйнап, бутунан асып, башына желим баштык кийгизишкен.
Бир канча убакыт өткөндөн кийин бул видеолор боюнча абактын бир гана кызматкерине кылмыш иши козголгон. Ильмурадовдун маеги жарыялангандан соң Жазаларды аткаруу кызматы бул факты боюнча 2016-жылы "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, аталган абактын кызматкери соттолгонун кабарлады. Бирок мекеменин билдирүүсүндө абак кызматкери канча жылга эркинен ажыратылганы жазылган эмес.
Зафар Ильмурадов түрмөдөн чыккандан кийин аны ФСБнын кызматкерлери кармап, "чөнтөгүңө маңзат салып коёбуз" деп коркутканын, мындан улам абакта тартылган материалдын бир бөлүгүн аларга бергенин билдирди.
Буга чейин Омск шаарындагы №7 абакта кыйноолор болгонун ал жерде отуруп чыккан Михаил Мазин жана Наиль Якупов аттуу жарандар да билдиришкен.