Ссылки доступа

Орусиялык блогер Амиран Сардаров Ислам Каримовдун небереси менен ажырашты


Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун неберелери – Марьям Тилляева (солдо) менен Иман Каримова

Белгилүү орусиялык блогер Амиран Сардаров Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун небереси Марьям Тилляева менен ажырашканын билдирди.

"Биз Маша экөөбүз ажыраштык. Сен акылдуу, күчтүү жана жаркылдаган адамсың. Ушул бойдон калышыңды чын дилимден каалайм! Эч качан капаланба, азыркыдай шайыр бойдон жүрө бер. Эң жакшы күндөрүң алдыда деп ишенем, сен сөзсүз бактыңды табасың. Жакшы өткөргөн убакыт үчүн рахмат", – деп жазды Сардаров Instagram'дагы баракчасына.

Өз кезегинде Марьям Тилляева да "Лос-Анжелесте түптөлгөн кичинекей үй-бүлө үчүн" Сардаровго ыраазычылык билдирди.

Социалдык түйүн колдонуучулары, анын ичинде Амиран Сардаровдун катталуучулары "блогер эч качан Марьям Тилляеваны сүйбөгөнүн, ага америкалык Гран-карта алуу үчүн гана үйлөнгөнүн" жазып жатышат.

Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримованын кызы Марьям Тилляева өзүнөн 13 жаш улуу орусиялык блогерге 2021-жылы апрелде турмушка чыккан.

Видео

XS
SM
MD
LG