Ссылки доступа

Алты жылдан кийин мекенине кайтып келген казак оппозициячысы кармалды


Ермек Нарымбайдын 2010-жылдагы кармалышы
Ермек Нарымбайдын 2010-жылдагы кармалышы

Казакстандык блогер жана саясий активист Ермек Нарымбай 6-февралда Киевден учуп келери менен Алматы аэропортунда кармалды. Ал 2016-жылы казак бийлигинин куугунтугунан улам Украинага чыгып кеткен.

Нарымбайды тосуп алуу үчүн аэропортко 50гө жакын киши барган. Бирок полиция аны топтолгон адамдар менен жолуга электе эле паспорттук көзөмөлдөн өтөрү менен кармаган.

Нарынбай январдын аягында "Фейсбук" баракчасы аркылуу катталуучуларына кайрылып, жакында мекенине кайтып бара турганын, анткени "бийлик менен коомчулуктун ортосундагы диалогго" ишенип жатканын билдирген. Ал Киевден учардын алдында да түз эфирге чыгып, Алматы аэропортуна конору менен дароо кармалышы мүмкүн экенин айткан. Ошол эле маалда ал "репутациялык жоготуулардан" улам казак бийлигине аны камакка алуу пайдалуу болбой турганын белгилеген.

Ермек Нарымбай 2010-жылдагы нааразылык акциялардан кийин төрт жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөгөндөн кийин эркиндикке чыккан. 2015-жылы күзүндө жарандык активист Серикжан Мамбеталин экөө социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында "Көчөдөн соккон жел" аттуу китептеги үзүндү менен бөлүшкөнү үчүн соттолгон. Нарымбай үч жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк эки активисттин кылганына өкүнүп жатканы жазылган каттары жарыяланган. Апелляциялык сот Нарымбайдын абактагы мөөнөтүн үч жылга эркиндигин чектөө жазасына алмаштырган. 2016-жылы ал тыюу салынганына карабастан Казакстандан чыгып кеткен. Алматы шаардык полиция департаменти анын аэропортто кармалышын 2016-жылдагы эркиндигин чектөө эрежесин бузганы менен түшүндүрдү. Активист тергөө абагына камалганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG