Ссылки доступа

Түркмөнстанда динге ишенгендер суракка чакырылууда


Ашхабад шаарындагы мечит (иллюстрациялык сүрөт)
Ашхабад шаарындагы мечит (иллюстрациялык сүрөт)

Түркмөнстандын Мары облусунда Улуттук коопсуздук министрлиги динге ишенген адамдарга карата көзөмөлдү күчөттү. "Азаттыктын" түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысынын айтымында, мекеме өкүлдөрү үйүндө диний адабияттарды сактоого шектелгендерге телефон чалып, аларды суракка чакырып жатышат.

- Мага "Ким даават айтат? Ким өкмөткө каршы болууда? Намаз окуганды ким үйрөтүп жатат?" деген суроолорду беришти деди 27-январда суракка кирип чыккан жергиликтүү тургун.

Анын айтымында, тергөөчүлөр тургундардын суракка чакырылышын алардын "кара тизмеге" киргизилгени менен түшүндүрүшкөн.

"Биз эмнеге кара тизмеге кирип калганыбызды сурадык. Алар былтыр жайында үйүбүздө тинтүү жүргөндөн кийин суракка чакырылып, ваххабит эмес экенибизди далилдөө үчүн арак ичүүгө мажбурлаганда ичпей койгондор кара тизмеге киргизилгенин айтышты", — деди ал.

Былтыр июлда "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчылары Мары жана Лебап облустарында диний адабияттарды сактоого шектелген тургундардын үйлөрү тинтүүгө алынып, өздөрү суракка чакырылып жатканын билдиришкен. Анда тургундардын көбү сурак маалында сунушталган аракты ичүүдөн баш тартканы, күч түзүм кызматкерлери аларды сүрөткө тартып алышканы кабарланган.

Эл аралык укук коргоочулар түркмөн өкмөтүн жарандардын дин тутуу эркиндигин катуу чектегени үчүн сындап келишет. Өлкө бийлиги мындай сындарга эч кандай реакция кылбайт.

Былтыр 9-мартта полиция кызматкерлери Мираж түнүнө карата намаз окуу үчүн Мары шаарынын башкы мечитине чогулган мусулмандарды күч менен таратышканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG