Петицияга дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн кишилер кол койгон. Алар АКШ бийлигин камактагы 20 жаштагы Салех Магамедов менен 18 жаштагы Исмаил Исаевди бошотуу үчүн дипломатиялык мүмкүндүгүн колдонууга чакырышты.
Ага-ини Магамадов менен Исаевдин бири – гей, экинчиси– трансгендер. Алар Нижний Новгороддон Чеченстанга 2020-жылы февралда уурдалып, кыйноо, кордоо аркылуу кечирим суроого мажбурланганы кабарланган.
Чечен бийлиги аги-инини мыйзамсыз куралдуу топ түзүүгө катышууга айыптоодо. Алар адвокаты жок кезде айыптоолорду мойнуна алышкан.
"Мемориал" укук коргоо борбору аларды саясий туткун деп тааныган. Ага-ини абакта дайыма кыйноого, ур-токмокко кабылып жатканы белгиленген.