Ссылки доступа

Хорог мэри бейформал лидер Махмадбокир Махмадбокировду бийликке багынып берүүгө чакырды


Хорогдун мэри Ризо Назарзода (солдо) жана аймактын бейформал лидерлеринин бири Махмадбокир Махмадбокиров (оңдо)
Хорогдун мэри Ризо Назарзода (солдо) жана аймактын бейформал лидерлеринин бири Махмадбокир Махмадбокиров (оңдо)

Хорог шаарынын мэри Ризо Назарзода аймактын бейформал лидерлеринин бири Махмадбокир Махмадбокиров менен анын алты шеригин өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына багынып берүүгө чакырды.

Шаар башчысынын кайрылуусу «Бадахшан» телеканалы аркылуу көрсөтүлдү.

Февралдын башында Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокуратурасы Мамадбокировго каршы төрт кылмыш ишин козгогон. Буга облустун билим берүү башкармалыгынын башчысы Лутфулло Наврузовдун Мамадбокиров тарабынан катуу сабалганы жөнүндө видеокайрылуу жасаганы себеп болгон.

“Озоди” тартип коргоочулар ал кишилерге өз ыктыяры менен багынып берүү үчүн бир апта беришкенин кабарлаган. Жергиликтүү жашоочулар аскерлерди Мамадбокировдун үйүнүн жанына жайгаштыруу аракети көрүлгөнүн, бирок эл ага жол бербегенин, түн ичинде көчөлөрдү кайтарышканын айтышкан.

Хорогдун мэри Ризо Назарзода шаар тургундарына кайрылып, балдарын көчөнү кайтарууга жибербөөнү, дөңгөлөктөрдү өрттөп, жол тосуп, тосмолдорду коюуга жол бербөөгө чакырды.

Аткаминер Махмадбокировду “Жогорку Хорог кварталындагы уюшкан кылмыштуу топтун башчысы” деп атап, жасаган иштери үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө чакырды. Махмадбокировдун тарапташтары анын адилеттүү, кыйналган кишиге кол сунган кайрымдуу киши экенин белгилешүүдө.

Анын жанындагы алты киши болсо былтыр 25-28-ноябрда нааразылык акцияларына байланыштуу укук коргоо органдарына чакыртылууда.

2021-жылы 25-ноябрда тажик күч түзүмдөрү Тоолуу Бадахшан облусунун Шохдар айылында атайын операция жүргүзүп, анда жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөн. Андан кийин жүздөгөн адам Хорог шаарындагы облустук администрациянын имаратынын алдына чогулуп, Зиёбековду өлтүргөн күч кызматкерлерин жазалоону талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG