Ссылки доступа

Тажикстанда белгилүү ырчы жол кырсыгынан кайтыш болду


Тажикстандын Ички иштер министрлиги жол кырсыгынан кайтыш болгон таанымал ырчы, 33 жаштагы Дамирбек Олимов тууралуу расмий маалымат жарыялады.

7-февралда жарыяланган маалыматка караганда, Honda CRV үлгүсүндөгү автонунааны башкарып келе жаткан Олимов Дамирбек “Хожент-Сомгор” таш жолу менен келе жатып, жолдон чыгып кеткен. Унаа бир нече жолу оодарылган. Автоунаанын ээси, ырчы Олимов Дамирбек ошол жерде кайтыш болгон. Окуя 5-февралда, түн оогондо болгон. Ал күнү ырчы тойдон кайтып келе жаткан.

Дамирбек Олимов убагында "Нури Хожент" тобунун ырчысы болгон. Ал өзүн СССРдин Эл артисти Журабек Муродовдун шакиртимин деп эсептеген. Мартта жеке концертин берүүгө даярданып жүргөн.

Дамирбек Олимов 1989-жылы 20-мартта Согди облусунда жарык дүйнөгө келген. Артында аялы менен үч баласы калды.

XS
SM
MD
LG