Ссылки доступа

Өзбекстанда президенттердин кадыр-баркына шек келтирүүгө айыпталган блогер үч жылга соттолду


Өзбекстандын Хорезм облусундагы Хазорпас райондук соту өлкө президенттеринин кадыр-баркына шек келтирүүгө айыпталган блогер Собиржон Бобонтёзовду үч жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу "Эзгулик" укук коргоо уюмунун жетекчиси Абдурахман Ташанов билдирди.

Анын айтымында, Бустон айылында жашаган Бобониёзов Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов менен азыркы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин кадыр-баркына шек келтирүүгө күнөөлүү деп табылды.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, "Блогерлердин биримдиги" деп аталган телеграм-топтун мүчөсү, 31 жаштагы Бобониёзов өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттери Ислам Каримов менен Шавкат Мирзиёевдин кадыр-баркына түздөн-түз шек келтирген видеоматериалдарды жарыялаган.

Соттук-лингвистикалык экспертиза ал видеолордун жарыяланышы Кылмыш Кодексиндеги "Өзбекстан Республикасынын президентине кол салуу" беренесине туура келет деген жыйынтык чыгарган.

Айыптоо өкүмүндө блогор "бул кылмышты мас абалында дагы бир жолу кайталаганы" жазылган.

"Озодлик" радиосу 2021-жылдын апрель айында Улуттук коопсуздук кызматынын Жизак облустук башкармалыгы "Президентке кол салуу" беренеси боюнча жергиликтүү блогер Валижон Калоновго да кылмыш ишин козгогонун кабарлады.

"Өз билдирүүлөрүндө ал президенттин жетекчилиги менен жүрүп жаткан реформаларды туура эмес чечмелеп, президентке акарат келтирип, мамлекет башчынын кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды тараткан", — деп жазылган облустук прокуратуранын билдирүүсүндө.

Кийинчерээк соттук-медициналык экспертиза Калоновду психикалык жактан оорулуу деп таап, ал дарылануу үчүн Самарканд шаарындагы психиатриялык ооруканага жөнөтүлгөн.

Видео

Видео

 "Сен деп келген сапардан артка кайтпайм"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:31:12 0:00
XS
SM
MD
LG