Ссылки доступа

Тажикстанда белгилүү блогердин апасы дайынсыз болууда (видео)


Германияда жашаган тажик блогери Шерзод Мамажоновдун апасы Шохида Мамажонованын жакындары президенттин администрациясына, башкы прокуратурага жана акыйкатчыга кайрылып, анын жүргөн жерин аныктоого жардам берүүнү сурашты.

Алардын айтымында, 3-февралда Шохида Мамажонованы Вахдаттагы милиция бөлүмүнө чакырышкан жана ал ошол бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Укук коргоо органдары ар түрдүү себептер менен маалымат берүүдөн баш тартып жатышат.

Тажикстан мыйзамдарына ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери шектүү кишини 72 саатка гана кармай алышат. Андан соң аны камоо боюнча соттун ордери керек же бошотулушу шарт. Шохида Мамажонованын туугандары ал Душанбенин тергөө изоляторунда болушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Бирок бийлик бул маалыматты тастыктаган жок. Аялдын жакындары анын жүргөн жерин адвокаттын жардамы менен аныктоого аракет жасашууда.

Германияда жашаган тажик блогери Шерзод Мамажоновдун апасы Шохида Мамажонова бийликтин хиджабга карата мамилесин сындап келген. Шерзод болсо апасы анын бийликти сындаган блогдору үчүн кармалганын айтууда.

Где мать таджикского блогера? Правоохранительные органы молчат, родственники обеспокоены
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00

XS
SM
MD
LG