Ссылки доступа

Казакстандын Башкы прокуратурасы: тынч митингдерди "ар түрдүү" күчтөр пайдаланган


Казакстандын Башкы прокуратурасы 7-февралда уюштурулган брифинг учурунда январдагы тынч митингдерди ар түрдүү күчтөр пайдаланып кеткенин жана күч түзүмдөрүнүн айрым кызматкерлери атайын бөлүктөрдүн ишине тоскоолдук жаратканын билдирди.

— Тергөө болгон окуянын чоо-жайын териштирүүдө. Башында нааразылыкка чыккандар тынч эле турушкан. Эч ким башаламандык болуп кетет деп ойлогон эмес. Андан кийин окуяга кылмыштуу топтор менен бузукулар аралаша баштаган. Алар демилгени колго алып, активдүү аракеттерге бара башташкан,— деди атайын прокурорлор кызматынын башчысы Ризабек Ожаров.

Ал "бул аракет координацияланганын", Казакстан "гибриддик чабуулга кабылганын" кошумчалады.

— Уюштуруучулар өз пландарына деструктивдүү криминалдык күчтөрдү тартып, аларды курал менен камсыздап, координациялап турган. Бүгүнкү күнгө карата уюшкан кылмыштуу топтун 18 мүчөсү кармалды. 21 киши киши өлтүрүү, уурулук, талоончулук үчүн мурда соттолгондор. Алардын арасында "Дикий Арман" аты менен белгилүү Жумагелдиев жана анын шериктери бар. Анын куралчан кишилери 24 жөнөкөй жаранды күч менен кармап, барымтага алып, кыйноо көрсөткөн. Натыйжада бир киши өлгөн. Мындан тышкары алар полиция кызматкерин 12-шаардык ооруканада катуу сабап, куралын тартып алышкан, — деди Башкы прокуратуранын өкүлү.

Ожаров муну менен бирге Алматы менен Жамбыл облустарында полиция кызматкерлери "мамлекеттин кызыкчылыгы менен коомдук коопсуздукка каршы" аракет кылып, курал-жарак, ок-дары сакталган полиция департаментин таштап кетишкенин айтты. Натыйжада 1,5 миң курал жоголуп, анын 967си гана табылган.

Казакстандын Башкы прокуратурасы январь окуяларында "саясий экстремизмдин белгилери" болгон деп эсептейт.

Бул арада Башкы прокуратура өлкөдө экстремисттик уюмдар деп таанылган "Казакстандын демократиялык тандоосу" жана "Көчө" партиясынын 35 мүчөсү да кармалганын кошумчалады.

Расмий маалыматка ылайык, Казакстанда кандуу январь окуялары маалында 227 киши көз жумду. Укук коргоочулар жана активисттер бул сан мындан да көп болушу мүмкүн экенин боолгошот.

Бийлик ушул күнгө чейин каза болгондордун аты-жөнүн жарыялай элек. Улам бир шаарда тополоңго катышпаган жайкын тургундардын окко учканы тууралуу маалыматтар чыгып жатат.

XS
SM
MD
LG