Ссылки доступа

Тажикстандын Телеберүү боюнча комитети: Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарды чагылдыруу — улуттук кызыкчылыктарга каршы келет


Тажикстандын Теле жана радиоберүү боюнча комитетинин төрагасы Нуриддин Саид
Тажикстандын Теле жана радиоберүү боюнча комитетинин төрагасы Нуриддин Саид

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар менен Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы нааразылыктарды чагылдыруу — улуттук кызыкчылыктарга жана баалуулуктарга каршы келет. Бул тууралуу Тажикстандын Теле жана радиоберүү боюнча комитетинин башчысы Нуриддин Саид 8-февралда басма сөз жыйынында билдирди.

Ал "Тажик телеканалдары эмнеге чек арадагы жана Хорогдогу окуяларды чагылдырган жок?" деген журналисттин суроосуна жооп берип, төмөндөгүдөй деди: "Теле жана радиоберүү боюнча комитет мамлекеттин маалыматтык саясатын жүргүзөт. Биз мамлекетибиздин көз карандысыздыгына, коопсуздугуна, туруктуулугуна, ошондой эле элибиздин аң-сезимине, патриоттуулугуна жана жарандык кадыр-баркына каршы багытталган маалыматтардан баш тартып келгенбиз жана мындан ары да баш тартабыз".

Жыйындын жүрүшүндө журналисттер Тоолуу Бадахшандагы жарандык активисттер бийликке эфир берүү өтүнүчү менен кайрылганын эске салышты. "Биздин улуттук кызыкчылыктарга каршы келген маалыматтарды таратууга укугубуз жок. Ошондуктан андай адамдарга эч качан эфир бербейбиз", — деди Нуриддин Саид.

Аткаминер кыргыз-тажик чек арасындагы жана Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы окуялар боюнча расмий маалыматтар, анын ичинде атайын кызматтын башчысы Саидмумин Ятимовдун билдирүүлөрү мамлекеттик телеканалдарда үч тилде берилип жатканын кошумчалады.

Тажикстандагы журналисттер кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдар учурунда расмий маалыматтар жок экенине даттанып келишет. "Былтыркы жана өткөн айдагы чек ара жаңжалдарында биз маалыматтык согуштан жеңилдик. Ал окуяларды эки-үч эле көз карандысыз жана чет өлкөлүк ЖМКлар чагылдырды", — деди "Азия-Плюс" маалымат агенттигинин кабарчысы Мазхаб Жума.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тарап кайсы карта жана кайсы юридикалык документ менен иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келет.

Эки мамлекеттин чек арасындагы тактала элек тилкелерде куралдуу кагылышуулар катталып турат.

XS
SM
MD
LG