Ссылки доступа

Өзбек саясатчысы "жаңы союздук өлкө" тууралуу Лукашенконун билдирүүсүнө жооп берди


Алишер Кадыров
Алишер Кадыров

Өзбекстандагы "Улуттук кайра жаралуу" ("Миллий тикланиш") партиясынын төрагасы Алишер Кадыров Беларустун башчысы Александр Лукашенконун билдирүүсү боюнча пикирин айтты.

Беларус лидери буга чейин орусиялык журналист Владимир Соловьевго интервью берип, "15 жылдан кийин мурдагы советтик өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан Орусиянын айланасына топтолуп, 350-400 миллион калкы бар союздук өлкөгө айланат" деген божомолун айткан.

Кадыров өз билдирүүсүндө буга чейин "зордук-зомбулук жана коркутуу жолу менен түптөлгөн мамлекеттер канчалык күчтүү көрүнсө да, чынында бош болорун тарых бир нече жолу көрсөткөнүн" белгиледи.

"Мындай пландар жооптуу реакцияны жаратып, советтик империяны калыбына келтирүүнү каалаган өлкөлөрдүн өзүнүн аймагында жаңы мамлекеттер түзүлүп калышы мүмкүн. Бул албетте аймакта олуттуу экономикалык жана социалдык кыйынчылыктарга алып келет", — деди Кадыров.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) быйыл 10-январда өткөн онлайн-саммитинде Лукашенко Казакстандагы башаламандыктарды уюштурган күчтөр "Өзбекстанда топтолуп жатканын айтып", Ташкент коңшу өлкөдөгү бул окуялардан сабак алышы керектигин эскертен. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Лукашенконун бул билдирүүсү "негизсиз" экенин айткан.

XS
SM
MD
LG