"Интернет байланышын өчүрүү — адамдардын өз пикирин эркин айтууга болгон укугун гана бузбастан, калктын жашоосун оорлотуп, кооптуу кылууда", — деп жазылган уюмдун 7-февралда жарыяланган билдирүүсүндө.
Тоолуу Бадахшан автоном облусунда интернет былтыр 25-ноябрда, Хорог шаарынын тургундары нааразылык акциясына чыккандан кийин өчүрүлгөн. Амриддин Аловатшоев январдын башында Орусияда дайынсыз жоголуп, кийин тажик бийлиги ал кармалып, мекенине экстрадицияланганын ырастаган.
2021-жылы 25-ноябрда тажик күч түзүмдөрү Тоолуу Бадахшан облусунун Шохдар айылында атайын операция жүргүзүп, анда жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөн. Андан кийин жүздөгөн адам Хорог шаарындагы облустук администрациянын имаратынын алдына чогулуп, Зиёбековду өлтүргөн милиция кызматкерлерин жазалоону талап кылышкан. 28-ноябрда бийлик жергиликтүү тургундун өлүмү боюнча объективдүү тергөө жүргүзүүнү, митингге чыккандарды куугунтуктабоону жана аймакка кайра интернет берүүнү убадалагандан кийин акция катышуучулары тараган.
Ал күндөрү Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында да аймактан чыккан мигранттар чогулуп, тилектештигин билдиришкен. Алардын арасында Аловатшоев да болгон.