Ссылки доступа

Лос-Анжелесте "Оскар" сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды


АКШнын Лос-Анжелес шаарында "Оскар" сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды.

"Мыкты тасма" номинациясы үчүн "Белфаст", "Жогору жакты карабагыла", "Дюна", "Иттин бийлиги" жана "Вестсайд тарыхы" фильмдери негизги талапкерлер болууда.

"Кыска метраждуу мыкты анимациялык тасма" категориясына Санкт-Петербургдагы "Мельница" студиясы тарткан мушкер менен балеринанын сүйүүсү тууралуу "Боксбалет" тасмасы көрсөтүлгөн. Бул фильм менен бирге сыйлык үчүн "Искусство", "Бестия", "Робин" жана "Айнек тазалагыч" тасмалары жарышка түшөт.

Режиссер Жейн Кэмпиондун "Иттин бийлиги" тасмасы 12 номинация боюнча талапкер болууда. Дени Вильнёвдун "Дюна" деген эмгеги 10 категория, "Белфаст" жана "Вестсайд тарыхы" тасмаларынын ар бири сегизден категория боюнча ат салышат.

"Оскар" сыйлыгын 94-жолу тапшыруу салтанаты 27-мартта Голливудда өтөт. АКШда аны ABC телеканалы түз эфирде көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG