Ссылки доступа

Анжиянда мугалимдер ата-энелерден кечирим суроого мажбурланды


Анжиян облусунун Мархамат районундагы №72 мектептин мугалимдери билим сапатынын төмөндүгү жана жогорку окуу жайларга тапшырган бүтүрүүчүлөрдүн саны аз болгондугу үчүн ата-энелерден кечирим сурашты.

Социалдык түйүн колдонуучулары бул окуяны мугалимдердин ар-намысына болгон сокку катары баалап жатышат.

"Озодлик" радиосу өз булактарына шилтеме кылып кабарлагандай, иш-чара үчүн райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси менен район башчысынын орун басары жооптуу болгон.

Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Лайло Рустамова мугалимдер ата-энелерден кечирим сураган окуяны айыптаган билдирүү жасады. Министр Бахтиёр Саидов бул көрүнүштү "мамлекеттик саясатка каршы акт" деп атады.

"Эмнени көздөгөндөрүн билбейм, бирок күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышы керек. Мугалимдерди кадыр-баркына шек келе турган нерселерге жол бербөөгө чакырат элем", — деди министр.

Улуттук масс-медианы колдоо жана өнүктүрүү фондунун камкорчулар кеңешинин башчысы Комил Алламжонов "мугалимдерди ата-энелерден кечирим суроого мажбурлаганы үчүн Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов өзү мугалимдерден кечирим сурашы керек экенин" билдирди.

Бирок мугалимдерден облус башчысы эмес, Мархамат районунун жетекчиси Бобур Юлдашев кечирим сурады.

Буга чейин райондук акимчиликтин басма сөз кызматы бул иш-чара "мугалимдердин кадыр-баркын түшүрүү үчүн эмес, мугалимдер менен ата-энелердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн жасалганын" билдирген.

XS
SM
MD
LG