Ссылки доступа

Фергана өрөөнүндөгү үч облуста май куюучу жайларга газ жеткирүү токтотулду


9-февралдан баштап Анжиян, Фергана жана Наманган облустарында автоунааларга май куюучу жайларга газ берүү токтотулду. Бул тууралуу «Худудгазтаминот» ишканасы билдирди.

Өзбекстандын бардык аймактарына суюлтулган жаратлыш газын жеткирген «Худудгазтаминот» ишканасынын өкүлүнүн билдиришинче, автостанцияларды көгүлтүр отун менен камсыздоо качан калыбына келери белгисиз.

Маалыматка караганда, ушул тапта газ басымын жогорулатуу иштери жүрүп жатат.

25-январда Өзбекстанда электр кубаты жапырт өчкөндөн эки күн өткөн соң өлкөнүн энергетика министрлиги май куюучу станциялар иштей баштаганын билдирген. Министрлик Ташкент, Фергана, Анжиян жана Наманган облустарында газ менен камсыздоону калыбына келтирүү иштери уланып жатканын кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG