Маалыматка караганда, 19 миллион доллар бюджети бар беш жылдык программа Борбор Азияда соода тармагындагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталып, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды камтыйт.
АКШ элчилиги билдиргендей, долбоордун алкагында бажы жана чек ара көзөмөлүндөгү жол-жоболорду бири-бирине шайкеш келтирүү, экспорттук кызматтарды, чет өлкөлүк компаниялардын сапарларын көбөйтүү пландалууда.
Кыргызстанда бул программа экономика жана коммерция, транспорт жана коммуникация министрликтери, Мамлекеттик бажы кызматы жана Соода-өндүрүш палатасы менен бирге ишке ашырылат.