Ссылки доступа

 
Алишер Усманов Мирзиёевдин күйөө баласынан "Капиталбанкты" сатып алды

Алишер Усманов Мирзиёевдин күйөө баласынан "Капиталбанкты" сатып алды


Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановго таандык "Телекоминвест" менен энчилеш Finance TCI компаниясы 8-февралда "Капиталбанктын" дагы 3,81% акциясын сатып алганы белгилүү болду.

Ташкент фондулук биржасынын маалыматына караганда, Алишер Усмановдун компаниясы "Капиталбанктын" 61,54% акциясына ээлик кылат.

21-январда Бирдиктүү корпоративдик маалымат порталы өзбек президентинин тун күйөө баласы Ойбек Турсунов "Капиталбанктын" таасирдүү кишилеринин тизмесинен чыгарылганын кабарлаган.

Анда "Капиталбанктын" 45% кем эмес акциясы Алишер Усмановго таандык USM холдинги менен энчилеш "Телекоминвест" компаниясына өткөрүлүп берилген.

Ойбек Турсунов былтыр октябрдан тартып быйыл январь айына чейин "Капиталбанктын" 50% акциясына ээлик кылган.

XS
SM
MD
LG