"Эгер Тажикстанга качкындар келсе Жалолиддин Балхи районундагы лагерге жайгаштырабыз. Бүгүнкү күндө бул жалгыз баш калкалоо жайы, бирок келечекте дагы бир нече лагерь курууну пландап жатабыз. Биздин бул демилгебизди эл аралык коомчулук колдоого алды", — деди Назарзода.
Ал ооган качкындары үчүн атайын лагердин курулушу төрт гектар аянтта уланып жатканын билдирди. Ошол эле маалда Назарзода ал жай канча качкынга ылайыкташа турганын тактап айткан жок.
Буга чейин тажик өкмөтү Ооганстандан келиши мүмкүн болгон качкындар үчүн атайын лагерлерди куруу үчүн Жайхун, Шаартуз, Шамсиддин Шохин райондорунан жана Тоолуу Бадахшан автоном облусунан 70 гектарга жакын жер тилкесин бөлгөнү кабарланган.
"Озоди" радиосунун Шамсиддин Шохин райондук акимчилигиндеги өз булагы билдиргендей, былтыр сентябрда ооганстандык качкындар үчүн лагерь курууга бул райондон эки жер тилкеси бөлүнгөн. Бирок Өзгөчө кырдаалдар комитетинин башчысы "ал лагерлер качкындарга эмес, жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган жарандарга арналганын" билдирди. Анын айтымында, ал жерлерге кампалар курулуп, жардам катары бериле турган азык-түлүк жана товарлар сакталат.
2021-жылы августтун ортосунда талибдер Ооганстанда бийликти басып алгандан кийин бул өлкөдөн Тажикстанга өткөн качкындар көбөйгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Тажикстанда 15 миң ооган качкыны бар.
Буга чейин айрым ооган жарандары Тажикстандан башкалка алууга үмүттөнүп чек арада апталап турушканын, бирок Душанбе аларды кабыл албай койгонуна даттанышкан. Алардын кээ бирлери талибдердин басымынан кийин үйлөрүнө кайтып барышкан. Өткөн жылы декабрда ооганстандык журналист тажик бийлиги аны үй-бүлөсү менен чогуу (жалпысынан 13 киши) талибдерге өткөрүп бергенин айтып чыккан. Тажикстандын бийлиги бул боюнча эч кандай түшүндүрмө берген эмес.
БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы Ооганстандын коңшуларын эч кандай документтери жок ооган жарандары үчүн да чек араларын ачууга чакырган. Уюмдун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө визасы жана атайын уруксаты бар ооганстандыктар үчүн Пакистан менен Ирандын чек аралары ачык, бирок Тажикстан менен Өзбекстандын чек аралары "толугу менен жабык".